Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы быйылкы жылдагы милдеттер каралды.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде медициналык жардам жана кызмат көрсөтүүнүн так стандарттарын иштеп чыгууну жана сунуштоону тапшырды.
"Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде саламаттыкты сактоо уюмдарында педиатриялык кызматты калыбына келтирүү, ошондой эле эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча штабдын ишин жандандыруу аркылуу балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү, ооруканаларды жана поликлиникаларды бөлүү жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн кайра уюштуруу маселесин чечүү, калкка медициналык жардам көрсөтүлбөгөн учурлар боюнча күнү-түнү иш алып баруучу ишеним телефонун киргизүү, тез жардам унааларын лизингге алуу маселесин иштеп чыгуу маселеси тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна калктын социалдык жактан аяр категорияларын кошпогондо, калктын камсыздандырылбаган категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтууну камсыздоосу тапшырылды.