Калифорнияда катуу суу ташкыны болуп, кеминде 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен он миңдеген адамдар электр жарыгысыз калышты.
Селден улам Калифорниянын Санта-Барбара, Монтесито шаарларында миңдеген тургун коопсуз аймактарга көчүрүлгөнү кабарланды.
Эксперттер мындай табият кырсыгын климаттын өзгөрүшүнүн белгиси катары сыпаттап жатышат.