Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өлкөдө өткөрүүнү туура эмес деп тапты. Бул тууралуу ал 10-январда өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, Армениянын коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда Ереван ЖККУнун Арменияда машыгуусун өткөрүү туура эмес деп эсептей турганын билдирген.
"Мындай машыгуулар жок эле дегенде Арменияда быйыл болбойт", - деген Пашинян маалымат жыйынында.
2022-жылдын ноябрында Пашинян ЖККУнун саммитинин жыйынтык декларациясына кол коюудан баш тарткан. Ал буга документте Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Азербайжандын аракеттерине баа берилбегенин жүйө келтирген.