Ооганстандын Памир өрөөнүндө катуу вирустук инфекциянын жайылып кеткени жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу маалымат каражаттарына тараган маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Телефон байланышы жок болгондуктан жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо максатында аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлдү. Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок", - деп билдиришти министрликтен.
Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, ооган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта.