Эртең, 12-январдан баштап өлкө аймагында абанын температурасы мындан ары дагы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
12-13-январларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20...-25°, күндүз -14...-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -9...-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31°, күндүз -17...-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22...-27°, күндүз -15...-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35°, күндүз -23...-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33...-38°, күндүз -23...-28° суук болушу күтүлөт.
Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.