Бишкек шаарына 20 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Анда айтылган маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт жана газ кыймылдаткычы менен жүрөт. Ошондой эле автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган.
Эске салсак, автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.