Кар көчкү түшүп жабылган Бишкек-Ош жолу ачылды

Кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жабылган Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 10-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 134-135-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабына түшкөн кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 метр куб болгон.
Тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылды.
Учурда унаа жолу ачык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан