Биз социалдык тармакта

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

Чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Мамаев бүгүн, 11-январда соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип ушул жылдын март айында кармалган. Ага карата 155-берененин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар улам жылдырып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан