Улуттук банк 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2023-жылдын эсебинен жасаган алгачкы интервенциясы.
Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, бул акыркы жылдагы интервенциялардын эң чоң көлөмү.
20-декабрда доллардын баасы жогорулаганына байланыштуу Улуттук банк валюта рыногуна 87,5 миллион АКШ долларын саткан.
Бүгүн, 11-январга карата доллардын расмий курсу 85 сом 68 тыйын деп белгиленген. Ал эми акча алмаштыруучу жайларды жана коммерциялык банктарда 86 сомго жетип жатат.