УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон аскерлерге арнап китеп чыгаруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев 10-январда кеңешме өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырган. Жыйында биринчи кезекте курман болгон аскер кызматкерлерине арнап китеп чыгаруу тапшырмасы берилгени айтылат.
"Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында, кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.
Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Басылманы окутуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда атайын кызматтын башчысы алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин маанилүүлүгүн эске алууну тапшырды. Ошондой эле ачылышын жарыялоо боюнча иштер 31-августта, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектиги жарыяланды жана китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөрүн кошумчалады.