Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалымдалгандай, соттук отурум бүгүн, 11-январда өткөн. Анын жыйынтыгы менен райондук сот баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Ал 20-февралга чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, Канатбек Исаев быйыл 23-октябрда кармалган. УКМК Биринчи май райондук сотуна келтирген өтүнүч боюнча Исаевдин 2018-жылдын 1-октябрындагы эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал 23-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин анын камактагы мөөнөтү узартылган.
Канатбек Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында "бийликти басып алууга" шектелип кармалып, дээрлик бир жылдан кийин камактан чыккан.