Бир күндө "Коломто" муниципалдык баш калкалоочу жайына белгилүү жашаган жери жок 27 жаран жеткирилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Тиешелүү кызматкерлер тарабынан катуу суук түшкөнүнө байланыштуу белгилүү жашаган жери жок адамдары издеп таап коопсуздугун камсыз кылышып профилактикалык иш-чаралары өткөрүлүүдө.
"Коломто" баш калкалоочу жайда аларга медициналык жардам, ысык тамак жана жылуу төшөк берилет.
Учурда башкармалыктын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жол кыймылынын коопсуздугун жана борбор калаанын тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугун камсыз кылышат.