Бишкекте кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтөт.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 11-январда форумду уюштуруу боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүм башчылары катышты.
Форумга Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, эл аралык форумдун аянтчасында Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды жасашат.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш-чаралардын башаты болуп саналат.
Аталган иш-чара январдын аягында Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүүдө.