Кызыл-Кыя шаарында 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгаардуу суукка байланыштуу "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Бул иш-чаранын максаты - туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө.
Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, аныкталган тилемчилик менен күн өткөргөн адамдарга, селсаяктарга ысык чай беришип, аларды "Шанс каждому" реабилитациялык борборуна камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.