Кыргызстан дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөрдүн ичинен 31-орунга жайгашты

World Population Review порталы кылмыштуулуктун саны боюнча дүйнөдөгү эң коркунучтуу мамлекеттердин рейтингин түзүштү.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, рейтингдин алгачкы үч сабын Венесуэла, Жаңы Гвинея жана Түштүк Африка ээледи. Бул өлкөлөрдө кылмыштуулук көп катталганы айтылат.

Кыргызстан бул рейтингде 56, 87 балл менен 31-орунга жайгашты.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 40, Өзбекстан 99, Кытай 108-орунга жайгашты.

Изилдөөнүн авторлору кылмыштуулуктун деңгээли көптөгөн факторлордон көз каранды экенин белгилешет. Мисалы, жакырчылыктын жана жумушсуздуктун жогорку деңгээли өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээлин жогорулатат. Ал эми полициянын катуу көзөмөлү жана катаал жазалар кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан