"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингине бөлүнгөн каражаттын 700 миллион сомунун дайыны жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
Эл өкүлү министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жоголгон каражаттын дайыны тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.
"Бизде "Улуу көчмөндөр мурасы" деген ишкана ачылган. Жетекчиси - Теңгиз Бөлтүрүк . Ал ишканага 3 миллиард сом бөлүнгөн. Каржы министрлиги ал акчанын 2 миллиарды кайтарылат, 1 миллиардга жакыны 700 миллион сомдон ашык каражаттын дайыны жок деп маалымат берген. Ушул боюнча бармак басты, көз кысты кылбай так маалымат бериңиз! Бул иштин аягына чыгып, акчаны кайтартыңыз! Теңгиз Бөлтүрүк азыр Кумтөр боюнча камакта отурат, а андан кийинки ишканасычы? Ушул боюнча бизге маалымат бериңиз", - деди Токтошев.
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон. Анын уставдык капиталында республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом болгон.
2022-жылдын декабрь айында аталган ишкана жоюлары маалым болгон. Жоюуга байланыштуу 2,7 миллиард сом бюджетке кайтарылары, ал эми 700 миллиону "кредиторлордун талаптарын канааттандырууга" багытталары маалымдалган.
Аталган компаниянын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк өткөн жылы 13-сентябрда кармалган. Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасынын ишин текшерип, 3 кылмыш ишин козгогон жана коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекетке дээрлик 1 миллиард сом зыян келтирилгенин билдирген.
9-январда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.