Эне тилге эки мүнөт: "Кара суудан каймак алган" кандай адамдарга карата айтылат?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "жер каймактагандан бери", эги түшкөн", "кара суудан каймак алуу", "тумшугуна суу жетүү", "аягы сай таппоо" жана "өз көмөчүнө күл тартуу" фразеологизмдеринин маанилерин чечмелейбиз.

Жер каймактагандан бери - Кап-качан, алда качан эле, көптөн бери, илгертеден деген мааниде колдонулат. Мисалы, Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да.

Ээги түшкөн - Абдан карыган, карылыгы жеткен. Мисал келтирсек, Ээги түшкөн менен, карыянын акылы али даана, баскан-турганы тың.

Кара суудан каймак алуу - Өтө эпчилдик, айлакерлик иш кылуу, ар нерсенин ыгын, амалын таба билүү. Мисалы, Бирок элдин мүлкүнө суук колун салып, кара суудан каймак алгандардын машинасы биринчи эле бурулушта бузулду.

Тумшугуна суу жетүү - Мүңкүрөгөн абалга келүү, айласы кетип, аргасы түгөнүү. Мисал айтсак, Жайына кой, мурдуна суу жеткенде өзү келет.

Аягы сай таппоо - Бир жерге байыр алып тура албай, тентиреп кыдырып жүрө берүү. Мисалы, Кара башы каржалып, аягы сай таппай нечен жыл каңгыбадыбы.

Өз көмөчүнө күл тартуу - Өз кызыкчылыгын көздөө, өзүнүн гана камын ойлоо, кандайдыр бир ишти, маселени өз пайдасына чечүүгө аракеттенүү, өзүмчүлдүк кылуу. Мисалы, Өз көмөчүңүзгө күл тартпай, кара кылды теңдеп жарыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан