Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 13-январда Кыргыз жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -20 … -25, күндүз -12 … -17;
Талас облусунда түнкүсүн -20 … -25, күндүз -12 … -17;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -12 … -17, күндүз -9 … -14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -7 … -12;
Нарын облусунда түнкүсүн -26 … -31, күндүз -17 … -22;
Бишкек шаарында түнкүсүн -20 … -22, күндүз -12 … -14 градус болот.