Бүгүн, 12-январда Орусиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Калдарали Маматалиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлыкка ылайык, Калдарали Маматалиев Орусиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулду", - деп жазылган маалыматта.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, аталган кызматка Айбек Айдарбеков дайындалды.