Калаадагы катуу суук, ысык мешке жылынган шаардыктар (сүрөт)

Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды.

Калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Биринчи Май районунда - 1, Ленин районунда - 3, Свердлов районунда - 2 жана Октябрь районунда - 3 чатыр тигилип, жылынуучу пункттар уюштурулган.

Учурда борбор калаада абанын температурасы -15 градус болууда. Ал эми үшүгөн шаар тургундары аталган жайлардагы чатырларга кирип, жылынууда. Алардын бири маалыматты социалдык тармактардан окуп калып, жөн гана кызыгып, чатырга киргенин айтты.

"Кечээ "Бишкекте жылынуучу жайлар ачылды" деген маалыматтарды Фейсбуктан окугам. Бүгүн чатырларга кызыгып, жөн гана кирдим. Өзүм жакын эле жерде иштейм. Үшүп деле кирген жокмун, болгону кызык болду. Нөөмөттөгү бала ысык чай сунуштады эле, ошону ичип, баарлашып отурам", - деди ал.

Ал эми "Манас" кинотеатрынын жанында тигилген чатырда көзөмөл жүргүзүп жаткан Ленин районунун №5 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Жакут Искендеров мындай деди:

"Ленин району боюнча жалпы 3 жылынуучу түйүн ачылган. Азыркы тапта тигилген чатырларга 150дөн ашык адамды кабыл алдык. Анда тургундар жылынып, ысык чай ичип кетип жатышат. Бул жайлар катуу суук аяктаганча күнү-түнү иштейт", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, мындан сырткары

  • Бишкек-Ош жолунда "Арал", "Сосновка" постторунда;
  • Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында;
  • Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда, Кант шаарында ӨКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү бийилик тарабынан жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан