Нарынга төрт троллейбус алып келинип, экөө каттамга чыкты

Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү максатында төрт троллейбус алынып келинди. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек шаардык мэриясынан алынган троллейбустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом жумшалды.

Учурда төрт троллейбустун экөө каттамга чыгып, дагы экөө каттамга чыгуу үчүн даярдыкта турат.

Белгилей кетсек, троллейбусттарды алып келүү аракеттерин шаардык транспорт ишканасынын кызматкерлери көрүп, Нарын шаардык кеңеши каражат бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан