Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.

"Аба ырайынын шарттарынан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Кабарлангандай, мындай абал 14-январга чейин сакталат.

Министрлик аталган тилкелер менен жүрүүдө айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан