"Айрымдары бир катарды кыдырып". Жогорку Кеңеште 30дай депутат 60 добуш берди (видео)

Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Анда жалпы 87 эл өкүлү катталган. Ал эми добуш берүү учурунда жыйын залында 30га жетпеген депутат отурду, бирок дээрлик бардык мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнүн жыйынтыгында 60 чакты депутат добуш берди болуп чыгып жатты.

Анда айрым депутаттар азыркы тапта ордунда жок жанындагы кесиптешине кошо добуш беришсе, кээ бирлери бир катарды кыдырып добуш берүүгө жетишип жатты.

Төрага Нурланбек Шакиев эртең менен жыйынды өзү алып барып жаткан. Кийинчерээк жыйын залынан чыгып кеткен бойдон келген жок.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев айрым депутаттарды көптөн бери жыйын залынан көрө электигин айтып, аларды жумушун так аткарып, жыйындарга толук катышууга чакырган.

Ага дептутат Эмил Токтошев жооп берип, өзү деле төраганы төрдөгү ордунан көрбөй жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеште 30дай депутат 60ка жакын добуш берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан