Беларусь өлкөсүндө билим алуу үчүн 6 бюджеттик орун бөлүндү. Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматка ылайык, гранттык орундар ЖОЖдордо жогорку билим берүүнүн биринчи тепкичинде төмөнкү адистиктер боюнча бөлүндү:
Маалыматтык системалар жана технологиялар (долбоорлоодо жана өндүрүштө) - 2,
Маалыматтык системалар жана технологиялар (оюн индустриясында) – 1,
Дарылоо иши – 2,
Стоматология – 1.
Сынактык тандоо жөнүндө толугураак маалымат шилтемеде. Сурап билүү үчүн элчиликтеги телефондор - +996(312) 35-28-21, 35-28-35.