Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы жардырууну айыптады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин жанында жасалган террордук актыны айыптады.

Министрликтин маалыматына караганда, жардыруунун натыйжасында Ооганстандын жарандары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер каза таап, жарадар болгон.

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", - деп жазылат билдирүүдө.

Кабулдагы жардыруу кечээ, 11-январда болду. Анда жанкечти Тышкы иштер министрлигинин жанында өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан кеминде 21 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан