Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине ректор болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ал өзү тастыктады.
"Ооба, буйрук чыкты. Буйруса, ректор болуп дайындалдым", - деди ал.
Белгилей кетсек, Түмөнбай Колдошов буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп келген.