Мугалимди шылдыңдагандарга айып салуу мыйзамы кабыл алынды

Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
Аталган мыйзам долбоору депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев тарабынан демилгеленген. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, окуучу мугалимди шылдыңдаса ата-энесине оозеки жана жазуу түрүндө эскертүү берилет.
Ал эми педагог кызматтык милдетин аткарып жатканда улуу кишилер жаман сөздөрдү айтып, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүп, анын ичинде ЖМКларды пайдалануу менен мазактаса 1 000 сом айып салынат. Бул ата-энелерге дагы тиешелүү болот.
Мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди) көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан