SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Үмүткан Эралиева.
Акын, жазуучу жана публицист Үмүткан Эралиева 1968-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында туулган. 1980-1985-жылдары Наймандагы балдардын музыкалык мектебинин комуз боюнча классынан билим алган. 1990-жылы К.И. Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун экономика факультетине тапшырып, бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүтүргөн. Мектеп жашында райондук “Колхозчу”, облустук “Ленин жолу” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеген. Каарманыбыз 14 жашынан тарта ыр жазууну баштаган. “Ага чейин деле ыр жазчумун, бирок ырларымды окуп чыгып, кайра кагазды айрып салчумун” дейт ал.
Үмүткан Эралиева 10 китептин, анын ичинде “Уркуя”, “Ала-Тоонун залкар уулу Абсамат Масалиев”, "Кыргыздын улукманы Миталип Мамытов” аттуу китептердин жана “Ноокатым алтын бешигим” энциклопедиясынын автору. Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун, мындан тышкары Түндүк Америка жазуучулар союзунун мүчөсү. Өлкөнүн "Эл агартуунун отличниги", "Маданияттын мыкты кызматкери", "Жогорку кеңештин ардак грамотасы" наамдары жана 50дөн ашык эл аралык сыйлыктарга татыган. Учурда логопед-дефектолог болуп эмгектенет.

Кырктын кырында
Кечиктиби? Балким келди адашып,
Өмүрдөгү ыйык кырктын кырында.
Махабатым жатканымда бейкапар,
Жүрөгүмдү ээлеп алып чынында.
Аяр сылап, эркелетип назданам,
Уккум келип мукам, жумшак үнүңдү.
Моокум канбай, кумарланып искеймин,
Кучак толо атыр жыттуу гүлүңдү.
Арзуу толгон мээримиңден жып-жылуу,
Арман болбой жашарамын кылымга.
Анткени мен ааламдагы эң ыйык,
Сүйүүлөрдү даңазалайм ырымда.
Чыгармачыл дүйнөгө кирүү үчүн бирөөнү сүйүшүң керек...
Чыгармачыл дүйнөгө түшүп алгандан кийин өзүңдүн чыгармаларың менен бул дүйнөгө киришиң керек. Аны үчүн биринчиден, адамда кайнап жаткан махабат болушу керек, бирөөнү сүйүшүң керек. Ошондо жакшы чыгарма чыгат. Өзүм табиятка жакынмын, ошо жерден эргүү алам. Табиятты сүйдүм, жашоону сүйдүм, өзүмдү жаңы төрөлгөн наристедей сездим. Сүйүүгө таасирленгенде чыгармаларымды биринин артынан бирин чыгарып жаттым. Кээ бирөө адамды сүйдү деп ойлошу мүмкүн, бирок мен жаратылышты сүйдүм. “Кырктын кырында” деген ырым ошондой сезимдерди жашап жаткан кезде жазылган.

Көйрөң жигитке
Ойго чөкпөй, көтөр өйдө башыңды,
Нөшөөрлөнтүп төкпө көздөн жашыңды.
Шамал согуп, сүрүп кара булутту,
Айдаган соң күндүн бети ачылды.
Кемитпегин көрктү, бузба көзүңдү,
Кайгы-муңга алдырбагын өзүңдү.
Кээ бир кезде сүйлөп ийип тантырап,
Чалчык сөзгө айландырба сөзүңдү.
Кошунамсың, айтсам сөздүн аныгын,
Басаңдатып өчүр калптын жалынын.
Адатыңды такыр таштап, оңолсоң,
Сүйсөм, балким тиер сага жарыгым.
Кезинде жигиттер чыгармачыл кыздарга ашык болгон. Менин артыман да чуркаган балдар көп болду. Ошондо мени бир жигит катуу сүйүп калган, 3 жыл артыман калбай жүрдү. Бирок ал балага жакшы мамиле кылганым менен жүрөгүм тарткан эмес. Бала жеңил ойлуу, көйрөң эле. Анын арзуусун кабыл ала албай койгом. Мындан улам бул ырым “жигиттер мүнөзүн, жашоого болгон көз карашын оңдошу керек, андан соң кыздын жүрөгүн багындыра алат” деген таризде жазылган.

Аял жана жаз
Аял – гүлдөй, илбериңки, өтө наз,
Ал кадимки жылуу-жумшак сулуу жаз.
Сулуулук көп жер жүзүндө, ааламда,
Бирок чиркин! – Аялзатка теңдеш аз!
Бул менин жүрөгүмө жакын, жакшы көргөн ырларымдын бири. Ооба, китеп, интернет желелеринде энеге арналган ырлар толтура. Бирок ушу төрт сап ырга көп нерсени батыра алдым деп ойлойм. Жаз келгенде бул мезгилди адамдан тарта куштарга чейин жадырап тосуп алышат. Өсүмдүктөрдүн гүлдөшү, жашылданышы, айланадагы кооздуктардын баары жаз айында болсо, аял да ага окшош. Мисалы, жамгыр жааганда өсүмдүктөр гүлдөп чыгат. Аялзат дагы бүт бугун көз жаштан чыгарат, бирок адамды ичинен өстүрүп чыгып жатпайбы. Бул жагынан салыштырганда экөөнүн окшоштугу бар.
Мектеп кезимде эле айылдагы жаңылыктар, иш-чара, майрамдар, сакмалда жакшы иштегендер тууралуу макала жазчумун. Бирок кийин башка кесипти окудум. Ата-энем “чыгармачылыкты экинчи орунга кой, турмушта керектүү кесип танда” дешкен. Бирок студент кезимде деле ырларды жазып, чыгармачылык дүйнөсүнө аралашып жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин кайра алыстап кеттим. Төртүнчү балам төрөлгөндөн кийин түнкүсүн көзүмө жаш келип эле, кагазга ыр жаза берчимин. Ошентип 1 дептер ыр жазып коюптурмун. Бир күнү дагы жазып отурсам кокустан чочуп кеттим, көрсө берилип кетиптирмин. Аркамда жолдошум карап туруптур, ал менин ыр жазганымды билчү эмес. Ага ыр дептерлеримди көрсөтсөм “бул талантты жашырбаш керек” деп колдоо көрсөттү. Ошондон кийин кайра чыгармачылыкка баш-отум менен кире баштадым.

Узун бир
Бирге бирди кошкондо,
Канча деди мугалим.
"Узун бир" дейт Эмилбек,
Кашып коюп кулагын.
Каткырышып күлүштү,
Эсептейт деп күлүштү.
Жирафтай "1" - деп далайга
Шылдыңдашып жүрүштү.
Балдар темасы жүрөгүмө жакын. Жаратылыш, жашоо, анан даңктуу адамдарга таасирленем. Жаңы жазган ырларым бар. Бирок китепке чыккандан кийин гана интернетке жүктөш керек экен. Маселен, башкалар ырдын идеясын алып, сенден мурда китеп кылып чыгарып коюшат экен. Мындай учурлар болгон.
Медик айымга
Аткан таңдай сүйкүмдүүсүз өзүңүз,
Жылдыз өңдүү жанды тартат көзүңүз.
Үнүңүзчү, - мөл булактай жагымдуу,
Жаздын мээлүүн, коңур жели - сөзүңүз.
Өтө татаал тандап алган жолуңуз,
Элге далай тийип жатат сообуңуз.
Жаздан жылуу болуп калган мамиле,
Кебезден жумшак, назик колуңуз.
Кесибиңиз сыймыктуу да, өтө оор,
Силер менен барктуу, даңктуу ар бир доор.
Нечендердин жанын сактап ажалдан,
Улуу ишке салым кошкон ошолор.
Уктабастан, тыным албай кенедей,
Күйпөлөктөп мээрман асыл энедей.
Оорулууну тургузасыз бутуна
Түйшүктөрдү көзгө илбей, кенебей.

Каарманыбыз Уркуя Салиева тууралуу жазган эмгегин 20 жылдай убакытты алды дейт.
Уркуя Салиева биздин айылдан чыккан. Атам ал тууралуу көп айтып берет эле, ошо менин кулагыма сиңип калыптыр, дептериме да жазып алчу элем. “Уркуянын” алгачкы башталып жазылышы менин мектеп курагыма туура келет. Кийин да маалыматтарды чогултуп жүрдүм, 20 жылдан кийин китеп болуп басылып чыкты. Бирок кайсы бир убакта бул залкар адамга китеп жазам деген түшүмө да кирчү эмес. Бул китептин менин чыгармачылыгымда ролу чоң.