Оштон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кетишти

Ош шаарында Коён каймана аты менен белгилүү болгон 27 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн, 13-январь күнү саат 02:00 чамасында Ош шаарында болгон. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү арматура менен сабалган. Сабалган жаран каза болуп, дагы бир жаран ооруканага жеткирилген. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө экендиги айтылат.

Учурда кылмышкерлер изделип жатат.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан