Ошто арматура менен сабалып каза болгон жаран: Издөөдөгү шектүүлөрдүн бири ММА мушкери

Ошто арматура менен жаранды сабап өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири ММА мушкери болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Кеп Эламан Коргонбай уулу жөнүндө болуп жатат. Ал 1995-жылы Ошто төрөлгөн. Ал профессионалдык карьерасын 2014-жылы баштап, учурда 5 беттеш өткөрүп, анын 4үн жеңип, 1 беттеште жеңилген. Ал WEF, Kyrgyzstan MMA Federation деген промоушендердеги турнирлерге катышып жүргөн.

Оштогу мыкаачылык менен киши өлтүрүү бүгүн, 13-январга караган түнү болду. Анда арматура менен сабалып бир адам каза болсо, ооруканага дагы бир адам өтө оор абалда жеткирилди. Өз кезегинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул кылмышка шектелип кримтөбөл Кадыр Досонов кармалганын билдирди.

Бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар дагы 3 жаран изделүүдө. Алар:
1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан