СССРдин Эл артисти Инна Чурикова каза болду

Кечээ, 14-январда белгилүү актриса, СССРдин эл артисти Инна Чурикова каза болду. Ал 79 жашта болчу. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Белгиленгендей, актриса узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Инна Чурикова 1943-жылы 5-октябрда Башкырт АССРинин Белебей айылында туулган. 1965-жылы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн. Анын кино карьерасы 1960-жылы "Борсктун үстүндөгү булуттар" тасмасында дебюту менен башталган. Көрүүчүлөр аны "Курьер", "Аяз", "Отто өтмөк жок", "Баягы Мюнхаузен" жана башка тасмалардагы жаркын ролдору менен эстеп калышты.

Ал өз карьерасында жалпысынан 40тан ашуун тасма жана сериалдарда тартылган.

Инна Чурикова - Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1997), ошондой эле "Мекенге эмгеги үчүн" орденинин ээси. 2019-жылы театр искусствосуна кошкон зор салымы үчүн "Алтын маска" сыйлыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан