Непалда 72 кишини ташыган учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Катмандудан Похарага учуп бараткан учак Каски шаарынын Покхара районуна кулап түшкөн. Учакта 68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында эки ымыркай жана он чет элдик жаран болгону кабарланды.
The Economic Times гезити мамлекеттик телеканалга шилтеме берүү менен кырсык болгон жерден бир нече адамдын сөөгү табылганын кабарлады.
Би-Би-Си кабарлагандай, кеминде 16 киши набыт болду.
Армиянын басма сөз катчысы Кришна Бхандари Reuters агенттигине ушунча сандагы сөөк табылганын айтты.
"Биз дагы көп сөөктөрдү табабыз деп күтүп жатабыз. Учак бөлүкчөлөргө кулап түшкөн", - деп кошумчалады ал.
ABP Live телеканалы Непал полициясына шилтеме жасап, 30 адам каза болгонун жазды.
Куткаруу иштери жүрүп жатат, аэропорт жабык.