Кыргызстандык Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагынын финалга чыга алган жок. Бул жылдын эң сулуу бийкечи деп 28 жаштагы АКШлык Р'Бонни Габриэль табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул ирет финалга Батыш жарым шарынын өкүлдөрү гана таажыга ат салышты.
Конкурста экинчи орунду Венесуэла, үчүнчүнү Доминикан Республикасы ээледи.
Сынак АКШнын Нью-Орлеан шаарында өтүп, ага жалпысынан 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.