Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 6 жаштагы кыз каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Белгилүү болгондой, ага бронхопневмония, сепсис (микробдордун канда көбөйүп, организмге тарашы) диабеттик кетоацидоз, организмге суунун жетишсиздиги жана курч ичеги-карын инфекциясы диагнозу коюлган. Ошондой эле анда өнөкөт начар тамактануу болгон.
Бул боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин жүргүзөрү маалымдалды.