Садыр Жапаров 1920 адамды Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча жарлыкка кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Алардын ичинен беш жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 1920 адам (1479 - чоңдор жана 441 - балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле, бир жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 205 адам (анын ичинен 187 - чоңдор, 18 - балдар).

Бардыгы болуп 2125 адамдан (1666 - чоңдор жана 459 - балдар) арыз түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан