Өзбекстанда аял электр жарыгын калыбына келтирүүнү талап кылып, электрикке бычак такап барымтага алды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргендей, видео Ташкент облусунда тартылган. Анда 16-январь күнү кечинде шаар тургундарынын бир тобу райондук электр тармактар ишканасынын жергиликтүү филиалынын имаратына келишкен. Диспетчердик пунктта алар үйлөрүнө электр жарыгын берүүнү талап кылышкан.
35 жаштагы аял ашкана бычагын электриктин тамагына такап: "Жарыкты күйгүзөсүңбү же күйгүзбөйсүңбү?" деп сураган.
Электрик укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен бошотулган жана кол салуу учурунда эч кандай жаракат алган эмес. Аталган аялга карата кылмыш иши козголгон. Ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.