Таиланддын Муанг аймагындагы Мэй Клонг дарыясында мунай ташыган кеме өрттөнүп, жарылган, сегиз жумушчу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, танкериндеги жарылуу тууралуу маалымат полицияга таңкы саат 9:17де (жергиликтүү убакыт боюнча) келип түшкөн. Жарылуу алдында танкер үзгүлтүксүз техникалык тейлөөдөн өтүп жаткан жана танкердеги май куюучу челектер бош болгон.
"Жарылуу бир нече чакырым радиуста угулуп, сезилген. Үйлөрдүн терезелери талкаланган. Болжол менен бир сааттан кийин Деңиз департаменти кемедеги өрт көзөмөлгө алынганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.