АКШнын президенти Жо Байден туулган күнү менен куттуктап жаткан укук коргоочунун атын унутуп калган видеосун жарыялап, интернетте шылдыңдын объектисине айланды деп жазат Newsweek журналы.
Окуя дүйшөмбү күнү Вашингтондо Мартин Лютер Кинг күнүнө арналган иш-чарада болгон. Америкалык лидер кара терилүү америкалыктардын укугу үчүн атактуу күрөшчү Мартин Лютер Кингдин уулунун жубайы Арндрея Уотерс Кингди туулган күнү менен куттуктап коюуну чечкен.
Басылмалар Байден "Happy Birthday" ырын ырдап жатып, Арндреянын атын айтыш керек болгон маалда "чаташып", бир нерсе деп кобураганын жазышты.
Президенттин видеосу эки миллиондон ашуун көрүлүп, интернетке тарап, көптөгөн колдонуучулар аны шылдыңдаган сүрөттөрүн бөлүшүштү.
Өткөн жылы 80 жашка чыккан Байден АКШнын тарыхындагы эң жашы улуу президент болуп калды.