Депутат аткаминерлердин чет өлкөдөн дарылануусуна тыюу салууну сунуштады

Мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган аткаминерлерге чет өлкөдөн дарыланууга тыюу салуу зарыл. Мындай сунушту бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу айтты.

"Мамлекеттик жогорку кызматтардагы аткаминерлер, депутаттардын ден соолугу начарласа сыртка чыкканга тыюу салып коюш керек. Медицина тармагы ошондо гана оңолот окшойт. Чиновниктердин сырттан дарыланышына тыюу салып койсок, өзүбүздүкү оңолот беле деген ой келет", - деди Коргонбай уулу.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандары бөйрөк, боор алмаштыруу үчүн Индияга, Түркияга барып жатканын белгилеп, мындай операцияларды өлкөдө жасоо боюнча иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан