Биз социалдык тармакта

Индия калкынын саны боюнча Кытайды басып өттү

Индия мамлекети калкынын саны боюнча буга чейин дүйнөдө биринчи орунда турган Кытайды артта калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын аягында Индиянын калкынын саны 1 миллиард 417 миллион адамга жеткен. Бул Кытайдын калкынан 5 миллионго көп.

Бириккен улуттар уюму Индияны Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү калкынын саны боюнча лидери болорун болжолдогон. Бирок божомол алда канча эрте келген. Бүгүн, 18-январга карата Индиянын калкы дагы да өсүп, 1 миллиард 423 миллионго жетти.

"2022-жылы Кытайдын калкы өткөн жылга салыштырмалуу 850 миң адамга азайып, 1 миллиард 411 миллион 750 миң адамды түздү", - деп айтылат Кытайдын Мамлекеттик статистика бюросунун маалыматында.

Муну менен Кытайдын калкы 1960-жылдардан бери биринчи жолу кыскарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан