Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чыккан түз фирде Украинадагы кырдаалга комментарий берип жатып, орус президенти Владимир Путиндин бир нече жыл мурун айткан сөздөрүн эске салды.
"Орусия улуу жана өзөктүк держава. Орусия эч качан күрөштө жеңилүүгө жол бербейт. Биз бир эле кнопканы басабыз, анан салам алейкум. Президентибиз айткандай: бизге Орусиясыз дүйнөнүн эмне кереги бар", - деди Кадыров социалдык тармактагы түз эфирде.
Буга чейин Рамзан Кадыров Украинадагы жаңжалды үчүнчү дүйнөлүк согуш деп эсептесе болорун айткан.