Документке туулган күнү бир күн кеч жазылган деген ырчы Жийдеш Идирисова бүгүн, 19-январда 38 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда ырчы туулган күнүн үй-бүлөсү жана жакындарынын курчоосунда белгилээрин айтты.
Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.
Ырчы жолдошу Андрей Доргайга турмушка чыккандан 6 жыл өткөндөн кийин никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Севара жана Адэл аттуу кыздары бар.
19-январга карата жылнаама.