Фотоальбом. 38 жашка толгон ырчы Аскат Мусабековдун балалыгы, окуучулук, студенттик күндөрү сүрөттөрдө

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 38 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.

"Быйыл да туулган күнүмдү айылда белгилеп жатам. Бүгүн менин эле эмес, атамдын да туулган күнү. Чыгармачылыгымда жаңылыктар бар. Февралда Ошто, ал эми май айында Бишкекте концерт берели деп жатабыз", - деди ал.

Аскат Мусабеков Ат-Башынын Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Ырчынын бала чагынан тартып таанымал болгонго чейин жана андан кийинки сүрөттөрүн топтодук.

Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.

Ырчы 2008-жылы кылкыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, 5 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Түгөйлөрдүн ортосунда 2 баласы бар.

2020-жылы Аскат Мусабеков ырчы Миргүл Асаналиевага үйлөнүп, түгөйлөр 2021-жылы кыздуу болушкан.

Аскат Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын Шаты" президенттик сыйлыгынын ээси. 2021-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2023-01-21 02:27:00
Азыркы убакта озунун уну менен чыныгы ырдай алчу ырчы катары эсептеймин, ырлары укулуктуу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан