Кадамжайда өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү видеого тартылган айдоочу: Кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылды

Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 161-чакырымындагы жол кырсыгына байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылды.

"Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесинин талаптарын бардык айдоочулар так сактоого жана билүүгө милдеттүү экендигин Милициянын кайгуул кызматы эскертет", - деп айдоочуларга кайрылды кайгуул кызматы.

Кадамжайдагы жол кырсык кечээ, 19-январда саат 11:30 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу саатына 240 чакырым ылдамдыкта айдап бара жатып жол кырсыгына кабылган. Кырсыктан 2 адам каза болду.



Кадамжайда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2023-01-20 21:49:00
Ой редактор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан