АКШда өткөн "Аалам сулуусу" сынагында украиналык кызга Орусияга каршы сөз сүйлөөгө тыюу салынды

АКШда өткөн "Аалам сулуусу" сынагына Украинанын атынан катышкан Виктория Апанасенко уюштуруучулар анын Орусияга каршы пикирин айтууга тоскоол болгонуна нааразы болду. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал башка катышуучулар сыйлыктар үчүн сахнага чакырылганын, бирок ал чакырылбаганын айткан. Ошондой эле уюштуруучулар ага финалга чейин видео тартууга дагы тыюу салган.

"Сыйлык тапшыруу аземине сахнага чакырып, бир нерсе айта алам деп ойлогом. Бирок мага 20 секунд да беришкен жок, мен дагы сураган жокмун. Мен түз эфирде чыр-чатактын уланып жатканын эскертип койгум келген, бирок мага микрофон бербей коюшту", - деген ал.

Быйылкы "Аалам сулуусу" сынагы АКШнын Жаңы Орлеан шаарында өттү. Анда "Аалам сулуусу" болуп америкалык Р'Бонни Габриэль аттуу кыз табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан