АКШнын Юстиция министрлигинин кызматкерлери Делавэр штатынын Уилмингтон шаарындагы президент Жо Байдендин үйүн тинтип, жашыруун документтердин жаңы партиясын табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тинтүү иштери 20-январда жүргүзүлүп, 12 саатка созулган. Жалпысынан “жашыруун” жана “тийиштүү материалдар” деген белги коюлган алты документ табылган.
Ошондой эле Байдендин үйүн тинтүүгө алган кызматкерлер Байден вице-президент болуп турганда жазылган бир нече кол менен жазылган жазууларды алып кетишкен.
Бул тергөөчүлөр тапкан жашыруун документтердин үчүнчү партиясы. Биринчиси 2022-жылдын ноябрында Пенн Байден борборунун аналитикалык борборунда табылган. Алардын арасында АКШнын чалгындоо кызматынын отчёттору, Украина, Иран жана Улуу Британияга тиешелүү брифинг материалдары бар болгон. Америкалык лидер алардын ошол жерден табылганына таң калганын билдирген.
Экинчи партия Байдендин Делавэрдеги үйүнүн гаражындагы кампадан, ошондой эле бөлмөлөрдүн биринен табылган.