"Алты тонна камыр жана төрт тонна сыр". Калифорнияда дүйнөдөгү эң чоң пицца жасалды

Калифорниянын Лос-Анжелес шаарында дүйнөдөгү эң чоң пицца даярдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, пицца 6 тонна камыр, 4 тонна сыр жана 2 тонна соустан жасалып, аянты 1 миң 300 чарчы метрди түзгөн. Аны бышыруу үчүн үстүнө жылыткыч лампалар коюлган.Тамак "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Рекорд расмий катталгандан кийин пицца 68 миң бөлүккө бөлүнүп, таратылып берилгени айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд италиялык "Оттавиа" пиццасына таандык. Ал 2012-жылы даярдалып, аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзгөн.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан