Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык: Рулда 18 жаштагы кыз болгон

Кечээ, 21-январь күнү Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгынан эки адам көз жумуп, экөө ооруканага түштү. Бул туурасында SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кырсык кечээ болжол менен саат 23:20 чамасында Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Киа Соренто унаасы катуу ылдамдыкта келип, жарнама тактасына урунган. Унаа экиге бөлүнүп кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү окуя катталган жерден көз жумуп, унааны айдап бара жаткан 18 жаштагы кыз жана дагы бир жүргүнчү кыз ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти башкармалыктан.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalaibek.
2023-01-22 21:38:00
Бул он рулду унаабы?
0
Asmat84
2023-01-22 22:47:00
Kia Sorrento Сол рулдуу унаа. Кеп оң солунда эмес. Кеп айдаганды билүүдө. Баардык эле аварияларды оң рулдуу унааларга жүктөбөй айдоочулук күбөлүктү сатканды токтотуу керек. Мына 2 күндүн ичинде үрөй учуруучу 2 учуру болду экөө тең сол рулдуу унаалар экөө тең ылдамдыкты сактабагандыктан болуп атат
+1
jam77
2023-01-22 22:53:00
18 жаштагы кызга жакшылык каалайм. . .
0
Kg-04
2023-01-23 07:30:00
Бул нерседен сабак алуу керек чара корулуу керек АКту акча менен сатып алууну токтотуу керек 18-жашта жаш омур кыйылды 18-жаштагы Кызда кайдагы опыт болсун жакындарына сабыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан