Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар (видео)

Кечээ, 21-январь күнү Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиргендей кырсык саат 23:30 чамасында Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Киа Соренто унаасы катуу ылдамдыкта келип, жарнама тактасына урунган. Унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Кырсыктан алдын ала маалымат боюнча эки адам каза болду. Дагы эки адамды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматы бул жол кырсыгы боюнча азырынча маалымат бере элек.

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2023-01-22 13:45:00
Акырын эле айдаса болот эле да
0
XATSAN125
2023-01-22 16:48:00
В У сатып алгандын кесепети ушул да озу олсо мейли башка эки адамдын омурун кошо алып кетти
0
XATSAN125
2023-01-22 16:48:00
Кыргыздар авария анан бири бирибизди олтурмойдон кырылып бутот окшойбуз
0
Erma78
2023-01-22 19:58:00
Жай эле айдагыла. 10 мунот кеч барасынар, бирок аман эсен жетесинер Шашып кайда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан