Айыптоочу Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды

Төкмө акын Болот Назаровго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 19-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда каралды. Бул тууралуу Назаровдун жактоочусу Бакыт Автандил тарабынан маалым болду.

Жактоочунун айтымында, отурумда мамлекеттик айыптоочу Назаровду 10 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Белгилей кетсек, Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 2022-жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal12
2023-01-24 11:23:00
Бул бийликтин да поюзу келип калды, бираз куто тургула......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан